Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек шаарынан түндүк тарапта жайгашкан. Ал негизинен Чүй өрөөнүндөгү айыл чарба жерлерин сугат суусу менен камсыз кылуу жана Ала-Арча суусунун агымын жөнгө салуу үчүн курулган.
Бул жер жергиликтүү тургундар жана балыкчылар үчүн популярдуу жай. Мында сазан, карп, чөйшөк (лещ) жана башка балыктар кездешет.
"Кабар" агенттиги суу сактагычтын кыштагы сүрөттөрү менен бөлүшөт.