Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Түндүк айланма жолун курууда 400дөн ашык объект демонтаждалды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Шаар жетекчиси бул иштер жолдун курулушун ыкчамдатууда көмөк болгонун айтты.
“Алты тилкелүү кенен жол өтмөктөрү менен салынышы керектигин мэрия демилгелеген. Жол куруу иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүүдө. Биз болсо жол ыкчам салынышы үчүн демонтаж иштерин аткарууга милдеттенме алганбыз. Бүгүнкү күндө турак жай жана башка курулуштарды ала турган болсок, 424 объект демонтаждалды”, - деди мэр.