Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу Ош – Бишкек жолуна альтернатива катары 2014-жылы башталып, 2024-жылдын декабрь айынын соңунда аяктаган. Долбоор Кыргыз жолтранс долборлоо жана изилдѳѳ институту тарабынан даярдалган. Жалпысынан бул стратегиялык долбоорду ишке ашырууга 887 млн доллар каралган. Долбоор “Эксимбанк”, Азия өнүктүрүү банкы жана “Ислам өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланган. Ири курулушту кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырган. Бул ирет "Кабар" агенттиги дал ушул алысты жакындаткан жолдун артыкчылыгы жана учурда кошумча жүргүзүлүп жаткан иштердин зарылдыгы тууралуу айтып берет.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад менен өтөт. Жол ачылса жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, жолго кеткен убакыт кыйла кыскарат. Жүргүнчүлөр орто эсеп менен Жалал-Абад облусунан Балыкчы шаарына чейин 6 саатта жете алат. Бүгүнкү күндө Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу Жалал-Абад облусунан Балыкчы шаарына 10 сааттан ашык убакыт кетет.
Азыркы мезгилде Оштон Нарынга же Ысык-Көлгө келген жүргүнчүлөр Бишкекти айланып өтүп жатса же болбосо Суусамырдагы Кожомкул айылындагы шагыл жол менен айдоого мажбур болуп келишсе, эми жаңы жолдун ачылышы менен 4-5 саат убакытын үнөмдөйт.
Ошондой эле жол өлкөнүн кооз жаратылышын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, Жумгалдан өткөндөн кийин Өрнөк айылындагы каньондорду, Нарын дарыясы менен Көкөмерен суусунун кошулган жери, Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш коругун көрүүгө болот. Бул жерлердин кооздугун сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, түндүктөн дагы, түштүктөн дагы ГЭСке жетүү жеңил болору айтылууда.
Өлкөнүн ички соода жүгүртүүсү жакшырат. Себеби, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу 11,5 тоннага ылайыкташтырылып курулду. Бул оор жүк ташуучу унаалардын көп салмактагы жүктөрдү ташуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү дегенди билдирет. Ошондой эле аталган жолдогу ашуулар бир топ жапыз жана жол бир кыйла кенен.

Жолдо унаа кыймылына июнь айынан ноябрь айына чейин уруксат берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков "Кабар" маалымат агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.
Адистин айтымында, бул график 2027-2028-жылдарга чейин күчүндө болот. Негизги жол толугу менен бүткөрүлүп, жол чырактар жана жол белгилери орнотулуп, туннель иштери аяктаган, автожол жаратылыш кооптуулугу жогору болгон аймактар аркылуу өтөт.
“Бул жаңы жол болгондуктан, таш кулоо, сел жана кар көчкү коркунучу сакталган тилкелер бар. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн коргоочу курулмалар каралган. Беш курулманын курулушу 2025-жылы башталган: эки көпүрө жана үч галерея. Бул иштерди ушул жылы аяктоо пландалууда”, - деп түшүндүрдү Чойбеков.

Мындан тышкары, жолдун инженердик коргоо программасына төмөнкүлөр кирет:
- Таш кулоо коркунучу бар 12 тилкеде таяныч дубалдарды куруу (иш ушул жылы башталат).
- Кар көчкү коркунучу бар 22 тилкеде кар тосмолорун орнотуу.
- Кар көчкүлөрүнөн жана таш кулоодон коргоо үчүн кошумча 8 галерея куруу.
Белгилей кетсек, коргоочу курулмалардын толук комплекси 2028-жылга чейин пайдаланууга берүү пландалууда, андан кийин жол толугу менен жыл бою иштей баштайт.
Буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков белгилегендей, учурда аталган жолду курууда уурдалып кеткен каражаттар боюнча кылмыш ишинин алкагында соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.
Анын айтымында, тиешелүү жетекчилер жолдун курулушу менен жеринен текшерүү жүргүзгөндө көпчүлүк тилкелерде таш кулоо, кар көчкү жана күрткү басуу коркунучу бар кооптуу аймактар аныкталган.
"Бул жол 2014-жылы эл аралык донорлордон алынган 1 млрд долларга жакын насыя каражаты менен башталган. Долбоор ошол учурда шашылыш жана чийки чечим кабыл алынган. Буга ири суммадагы каражатка көз арткан кызыкдар топтор себеп болгон. Натыйжада каражаттын жарымын жолго жумшамыш болуп, калганы ошол кездеги жооптуу адамдардын чөнтөгүнө кеткен. Каражат максаттуу жумшалбай, жумуш сапатсыз аткарылгандыктан, жолдун коопсуздугу бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет", - деген ал.
Ошондой эле Орунбеков кошумчалагандай, учурда мамлекет миллиарддаган сом кошумча каражат жумшап, мурунку кеткен кемчиликтерди жоюп, бүтпөгөн тилкелердеги иштерди аягына чыгарууда.