Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Токмок – Дөң-Арык – Рот-Фронт унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Титулдук планга ылайык жалпы 5 чакырымга асфальт төшөө каралган.
Бүгүнкү күнгө 1,2 чакырым жол асфальтталды.
Жол оңдоо иштери №954 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан өз мөөнөтүндө аткарылууда.