Бишкек, 14.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 16:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргыз автожол -Түндүк” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканасынын филиалдары тарабынан бардык унаа жолдор жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тиешелүү иштер күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат.