ТМУ саммити: Жасалма интеллект жана санариптик келечек талкууланды

Президент Загрузка... 15 Май 2026 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммиттин темасы “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” – заман талабына ылайык, өзгөчө актуалдуу маселе болуп саналарын баса белгиледи.

Ал дүйнө терең өзгөрүү баскычында турганын, ал эми технологиялардын ыкчам өнүгүүсү экономикага, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана коомдук жашоонун бардык тармактарына таасир этип жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө атаандаштык ресурстар жана аймактар үчүн гана эмес, технология жана жасалма интеллект үчүн да жүрүп жатат.