Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. 14-июль күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаевдин жетекчилиги алдында Ат-Башы районундагы Кел-Суу көлүндө жайкы туристтик мезгилде экологиялык жана санитардык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, анда тиешелүү мамлекеттик органдарга, райондук администрацияга жана айыл өкмөттөргө Кел-Суу көлүнүн аймагында тартипти камсыздоо, санитардык абалды жакшыртуу, экологиялык талаптарды сактоо жана туристтер үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле көлдө туристтерди тейлөөдө пайдаланылып жаткан кайыктардын техникалык абалы жана коопсуздук талаптарына шайкештиги каралып, куткаруу каражаттарынын болушу жана коопсуздук эрежелеринин аткарылышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү керектиги айтылды.

Мындан тышкары, жайыттардын жана жер кыртышынын бузулушуна жол бербөө максатында туристтердин жана эс алуучулардын автоунааларды ой келди айдап жүрүүсүнө бөгөт коюу, белгиленген жолдорду жана токтоочу жайларды гана пайдалануу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы баса белгиленди.