Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилди коопсуз өткөрүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, суудагы коопсуздукту камсыздоо максатында Жарандык коргонуу кызматтарынын жыйыны өттү.
Облустук милициядан билдиришкендей, жыйында маанилүү маселе катары Ысык-Көл облусунда туристтик сезонду коопсуз өткөрүүгө болгон шарттарды жана даярдыкты күчөтүү боюнча маселелер талкууланып, буга чейин коюлган протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча баяндама угулду.
Жыйында эс алуучулардын коопсуздугу үчүн пляждарга заманбап ЛЭД-экрандарды, баннерлерди жана үн күчөткүчтөрдү орнотуу менен эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз берип туруу тапшырмасы коюлду.
Ошондой эле пансионат, мейманкана жана бассейн ээлерине өз аймактарын кесипкөй куткаруучулар менен камсыздоо милдети жүктөлдү. Ал эми ар кандай өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн куткаруучу күчтөр жана атайын техникалар толук даярдыкка келтирилмей болду.