Түрк инвесторлору Кыргызстанга 116 млн доллар инвестиция салууну пландоодо

Экономика Загрузка... 15 Июль 2026 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Түркиянын "TANFER" компаниясынын өкүлдөрү жана Түркиянын бокс федерациясынын вице-президенти, ишкер Мехмет Танфер менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

"Түркиялык өнөктөштөр Кыргызстанда Улуттук биокоопсуздук программасын ишке ашыруу боюнча инвестициялык сунушту тааныштырышты. Долбоордун жалпы наркы 116,3 млн долларды түзөт. Бул каражат толугу менен түз чет өлкөлүк инвестиция түрүндө тартылат. Долбоор ишке ашса, 1 600гө чейин жаңы жумуш орду түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Инфраструктураны куруу, жабдуу жана пайдалануу чыгымдары толугу менен инвестордун өз каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров өлкөдө инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, бул долбоорду ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында долбоорду компетенттүү мамлекеттик органдардын катышуусунда биргелешип кароо макулдашылды.