Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. "Манас" аэропортундагы реконструкция иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, былтыр “Кыргызстан аэропорттору” ААК менен биргеликте "Манас" эл аралык аэропортунда реконструкциялоо иштери башталган. Долбоору Курулуш министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Учурда иштер 90 пайызга аяктап калды.
Акыркы жылдары Курулуш министрлиги өлкө аймагында социалдык объектилерди куруу менен катар, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, объектилерди реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо багытында масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.
"Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан социалдык-маданий багыттагы 500дөн ашык объекттин курулушу жүргүзүлүүдө. Алардын катарында 5 миң орундуу спорттук объекттерден тарта заманбап маданий жана туристтик комплекстерге чейинки маанилүү долбоорлор бар. Мындан тышкары, министрлик тарабынан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа комплекси, Талас шаарындагы “Баластан” балдар оюн-зоок борбору, “Манас Ордо” улуттук комплекси жана “Чыңгыз Айтматов Ааламы” тарыхый-маданий комплекси сыяктуу ири объектилер ишке ашырылууда. Ошондой эле “Манас-2” эл аралык аэропортунун жаңы терминалы сыяктуу маанилүү инфраструктуралык долбоорлор боюнча иштер жүрүп жатат", - деп белгилешти министрликтен.
Аталган объектилердин бир катары быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.