Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Колумбия университетинин окумуштуулары жүргүзгөн жаңы изилдөөдө уйкунун жетишсиздиги да, ашыкча болушу да адам организминдеги биологиялык картаюуну тездетери аныкталды. Бул тууралуу Известия маалымдайт.
Окумуштуулар 500 миңге жакын адамдын маалыматтарын изилдеп, уйку режими организмдеги мээ, жүрөк жана иммундук система сыяктуу 17 негизги орган системасына таасир берерин аныкташкан. Жасалма интеллекттин жардамы менен органдардын канчалык тез картаюусун көрсөткөн атайын моделдер колдонулган. Изилдөөдө кан анализдери, белоктор жана медициналык сүрөттөр колдонулган.
Жыйынтыгында күнүнө 6 сааттан аз уктоо же 8 сааттан ашык уктоо мээнин, жүрөктүн, өпкөнүн жана иммундук системанын эрте картаюусу менен байланыштуу экени белгилүү болгон. Ал эми эң пайдалуу уйку убактысы суткасына орточо 6,4 сааттан 7,8 саатка чейин деп табылган.
Окумуштуулар уйкунун бузулушу депрессия, семирүү, экинчи типтеги диабет, кан басымдын жогорулашы жана жүрөктүн ишемиялык ооруларынын пайда болуу коркунучун күчөтөрүн белгилешти. Ошондой эле өтө аз же өтө көп уктоо өнөкөт өпкө ооруларына, астмага жана гастрит сыяктуу тамак сиңирүү ооруларына да байланыштуу экени айтылды.
Адистер өзгөчө улгайган адамдардагы депрессия маселесине көңүл бурушкан. Алардын айтымында, уйкунун жетишсиздиги депрессияны түз күчөтсө, ашыкча уйку мээнин биологиялык сааттары жана май ткандары аркылуу психикалык абалга терс таасир этет.
Изилдөөнүн авторлору уйку организмдин бардык системаларынын тең салмактуу иштеши үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, адамдарга туруктуу жана жетиштүү уйку режимин сактоону сунушташты.