Улуу Британияда бир жылда 250 миң адам жумушсуз калышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 21 Апрель 2026 10:45
WhatsApp Image 2026-04-21 at 08.53.06.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. 2027-жылдын ортосуна чейин 250 миң британиялык жумушсуз калышы мүмкүн. Бул тууралуу The Guardian гезити билдиргенин Kazinform жазды.

Маалыматка ылайык, алдыңкы аудитордук фирмалар Ernst & Young жана Deloitte жүргүзгөн эки изилдөөдө мындай учурга Жакынкы Чыгыштагы кырдаал таасир тийгизиши мүмкүн экендигин белгилешүүдө.

Жумушсуздуктун деңгээли 2027-жылдын ортосуна чейин 5,8%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Учурда көрсөткүч 5,2%ды түзөт.

Тобокелдиктердин көбөйүшүнө жооп катары компаниялар инвестициялык программаларды кыскартуу, чыгымдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү сыяктуу консервативдүү каржы саясатын кабыл алышууда.

Бул чаралар Улуу Британиядагы экономикалык активдүүлүккө жана жумуштуулук динамикасын кошумча кармап турууга таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.