Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Улуу Британияда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жумушсуздуктун деңгээли күтүлбөгөн жерден 4,9 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.
Ошону менен бирге бош жумуш орундарынын саны акыркы беш жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө чейин кыскарды. Талдоочулар кагылышуу улана берсе, жумушчу күчүнө болгон суроо-талап дагы төмөндөй берерин эскертишүүдө.
Бул абал эмгек акынын өсүшүнүн басаңдашы менен бирге, Англиянын Борбордук банкына инфляцияны ооздуктоо үчүн пайыздык чендерди көтөрүү маселесин карап чыгууга көбүрөк убакыт берет.
Улуттук статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча, мейманкана жана чекене соода сыяктуу аз айлык акы төлөнүүчү тармактарда жумуш орундары эң көп кыскарган.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын апрель айында расмий жумуш менен камсыз болгондордун саны 100 миң кишиге азайган. Серепчилер бул көрсөткүчтөрдү Улуу Британиянын эмгек рыногундагы "күчөп жаткан кризистин" белгиси катары баалап жатышат.