Жаңы Зеландияда "Вайану" циклону миңдеген үйлөрдү жарыксыз калтырды

Дүйнө Загрузка... 13 Апрель 2026 08:55
4f883996-d92f-4c55-9669-ecb2d1ed4bc6.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. "Вайану" циклону Жаңы Зеландиянын Түндүк аралында суу ташкынына, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жана массалык эвакуацияга алып келди. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги The Guardian гезитинин маалыматына таянып жазды.

Ага ылайык, шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымдан ашты. Катуу жаан жаап, толкундардын бийиктиги айрым жерлерде 6 метрге жетти.

Жаңы Зеландиянын метеорологиялык кызматтары аба ырайынын кооптуулугу боюнча эскертүү жарыялашты. Циклон өлкөнүн эң калкы көп шаары Оклендди айланып өтөт деп күтүлүүдө, бирок ал башка аймактарга олуттуу коркунуч келтирүүдө.

Учурда жүздөгөн адамдар эвакуацияланып, 5 миң үй-бүлө электр энергиясыз калды.