Японияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 03 Март 2026 09:10
6cba9641-eff4-4fcc-a37a-4f2b4174ff89.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.26 /Кабар/. Япониянын түштүгүндөгү Вулкан аралдарынын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Kazinform маалымдады.

Анда белгиленгендей, United States Geological Survey (USGS) уюмунун маалыматына ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:55те катталып, очогу 20 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу кабар түшкөн жок. Цунами коркунучу боюнча эскертүү жарыяланган эмес.

Вулкан аралдары Токио шаарынан болжол менен 1250 чакырым түштүктө жайгашкан. Архипелагда туруктуу эл жашабайт. Жалгыз гана Ио (Иводзима) аралында аскер базасы орун алган.