Японияда Пантиге кызыгып зоопаркка келгендердин саны өстү

Дүйнө Загрузка... 02 Март 2026 11:00
2077251853_0_253_2863_1863_1280x0_80_0_0_3a9483558793a17777a68d4b7ffb756e.jpg.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Япониядагы Итикава зоопаркына келгендердин саны эки эсеге өстү. Буга Панти аттуу макаканын социалдык тармактарда тараган видеосу түрткү болгонун зоопарктын өкүлү РИА Новости агенттигине билдирген.

Маалыматка ылайык, кайда барбасын колунан орангутан оюнчугун түшүрбөй көтөрүп жүргөн Пантинин окуясы февраль айынан бери социалдык тармактарда миллиондогон көрүүлөрдү топтоодо. Учурда зоопарктын баракчасы Пантинин күн сайын тартылган жаңы видеолору менен толукталып жатат.

"Келүүчүлөрдүн саны кескин өстү. Эгерде ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү жөнүндө айта турган болсок, алардын саны мурункуга салыштырмалуу эки эсеге жогорулады", — деди зоопарктын өкүлү.

Пантиге болгон кызыгуу ушунчалык жогору болгондуктан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү зоопарктын басма сөз катчысы менен сүйлөшүү үчүн бир нече күн бою "виртуалдык кезекте" турууга мажбур болушууда.