Японияда Pokemon тематикасында аэропорт пайда болот

Дүйнө Загрузка... 15 Май 2026 09:45
WhatsApp Image 2026-05-15 at 08.45.52.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Японияда дүйнөдөгү биринчи аэропортко Pokemon'дун аты ыйгарылат, деп Кyodo агенттигине шилтеме берип, Казинформ билдирди.

Маалыматка ылайык, Исикава префектурасынын бийлиги жер титирөө жана суу ташкындарынан жабыркаган аймакты калыбына келтирүү өнөктүгүнүн алкагында Ното аэропортунун атын өзгөртүүнү чечти.

7-июлдан баштап Вадзимадагы аэропорт "Нoto Satoyama Pokemon With You Airport" деген жаңы аталышка ээ болот. Долбоор Ното жарым аралындагы туризм жана кайрымдуулук программасынын бир бөлүгү болот.

Аймак 2024-жылдын 1-январындагы күчтүү жер титирөөдөн, кийинчерээк катуу жаан-чачындардан жана суу ташкындарынан катуу жабыркаган. Бийлик Pokemon франшизасы менен өнөктөштүгү туристтерди тартууга жана жергиликтүү экономиканы колдоого жардам берет деп үмүттөнөт.

Жаңыртылган аэропортто 111 Pokemon каарманынын сүрөттөрү, тематикалык аймактар ​​жана эксклюзивдүү товарлар сатылган дүкөндөр жайгашат. Мындан тышкары, аймактын ар кайсы жерлерине Pokemon каармандарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн люк капкактары орнотулат.

Долбоор The Pokémon Company кызматкерлери тарабынан түзүлгөн Pokémon With You Foundation тарабынан демилгеленген. Уюм кайрымдуулук демилгелерине көңүл буруп, жабыркаган аймактардагы балдарды колдоп келет.