Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Японияда дүйнөдө биринчи жолу бардык изилдөө иштерин роботтор аткарган медициналык лаборатория ишке кирди. Бул тууралуу БЕЛТА кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул өзгөчө лаборатория Токио илим изилдөо институтунун базасында ачылган. Анда илимий жана медициналык эксперименттерди толугу менен роботтор жүргүзөт.
Лабораторияда жалпысынан 10 робот иштейт. Алардын ичинен эң негизгилеринин бири — эки колдуу гуманоид-робот Maholo. Ал реагенттерди так өлчөмдө аралаштыруу, температураны көзөмөлдөөнү талап кылган жабдуулар менен иштөө сыяктуу татаал лабораториялык операцияларды аткара алат.
Мындан тышкары, роботтор клеткаларды өстүрүү иштерин дагы жүргүзүшөт. Бул адамдын кол эмгегин кыйла азайтып, изилдөөлөрдүн ылдамдыгын жана тактыгын жогорулатат.
Долбоордун авторлорунун айтымында, мындай роботтоштурулган системалар адамдык фактордун таасирин азайтып, лабораториялардагы адистердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө жардам берет.
Келечекте долбоорду кеңейтүү пландалууда. 2040-жылга чейин лабораторияларда колдонулган роботтордун саны 2 миңге чейин жетиши мүмкүн.