Япониянын белгилүү круиздик кемеси Nippon Maru 35 жылдык кызматын аяктады

Дүйнө Загрузка... 12 Май 2026 18:08
WhatsApp Image 2026-05-12 at 11.25.05.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.05.26 /Кабар/. Япониянын Nippon Maru кемеси акыркы круиздик сапарын бүтүрүп, Тынч океан аркылуу жүрүп Йокогама портуна кайтып келди. Ушуну менен кеме 35 жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу Kyodo News агенттигине таянып, Казинформ маалымдады.

Жалпысынан алганда, кеме болжол менен 600 миңден ашуун жүргүнчүнү ташып, 2000ден ашык круиздик сапарларды аткарган.

Mitsui O.S.K. Lines компаниясына таандык болгон бул лайнер 35 жыл бою Япониянын круиздик индустриясынын символу болуп, өлкөдөгү алгачкы люкс класстагы кемелердин бири катары эсептелип келген.

1990-жылы пайдаланууга берилгенден бери Nippon Maru 5,3 миллион километрден ашык аралыкты басып өткөн. Бул болжол менен 133 жолу дүйнөнү айланып чыкканга барабар.

167 метр узундуктагы кеме 190 каютага ылайыкташкан жана анын ичинде концерттик зал да болгон. Ал жерде дайыма музыканттардын жана артисттердин көңүл ачуучу программалары уюштурулуп турган.

Кеме 2010-2020-жылдары модернизацияланган. Анын көлөмү кичине болгондуктан, кичи портторго да оңой кире алган.

Nippon Maru эксплуатациядан чыгарылганына карабастан, Mitsui O.S.K. Lines компаниясы круиздик багыттагы ишин кеңейтүүнү пландап жатат. Алар Японияда деңиз саякаттарына болгон кызыгуу мындан ары дагы өсөт деп күтүшүүдө.