Ысык-Көлдө кара түтүн чыккан теплоходго айып пул салынды

Укук тартиби Загрузка... 14 Июль 2026 09:55
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. 12-июлда социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн үстүндө коюу кара түтүн чыгарып бараткан "Дария" теплоходунун видеосу тараган. Бул окуя боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык көзөмөл кызматы дароо текшерүү баштаган.

Ведомствонун маалыматына караганда, видеону изилдөө учурунда теплоходдон абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар белгиленген ченемден ашып кеткени аныкталган.

Мыйзам бузгандыгы үчүн теплоходдун ээсине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле теплоходдун ээсине жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.

"Акыркы текшерүүдө теплоходдон бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү ченемден ашпаганы аныкталды. Экологдор көл үстүндөгү көзөмөлдү улантууда", - деп айтылат маалыматта.