Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Туристтик-экологиялык милиция ири көлөмдөгү мыйзамсыз балык уулоо фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-майда милицияга белгисиз жарандар мыйзамсыз балык уулап, аны сатып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 21-майда Соң-Көлдүн чыгыш жээгинен мыйзамсыз балык уулаган Нарын облусунун 1985, 1988, 1989 жана 1998-жылы туулган жашоочулары кармалды.
Текшерүү учурунда алардан 198 даана сига лудога балыгы, 20 синтетикалык тор, 2 үйлөтмө кайык жана калактар, рация жана башка тиешелүү шаймандар табылган.
Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып, соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.