Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кызыл-Кыя" фитосанитардык текшерүү постунда фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Анда Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияздын таңгактарында маркировканын жок экендиги аныкталды.
ЕАЭБдин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, аталган жүк кайра артка кайтарылды.