Зергерлерге 6% менен 90 млн сомго чейин насыя берилет: Жаңы тартип бекитилди

Экономика Загрузка... 23 Апрель 2026 15:45
2022-08-12_15-19-44.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Зергерчилик тармагындагы субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тартип зергерчилик тармагында иштеген ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү карайт. Каржылоо субъекттерге жабдууларын жаңылоого, өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө шарт түзөт жана ата мекендик зер буюмдарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Насыя берүүнүн шарттары:

  • Банктар: “Айыл Банк” жана “Элдик Банк”;
  • Насыянын көлөмү: 90 млн сомго чейин;
  • Пайыздык коюму: Жылдык 6%;
  • Мөөнөтү: 60 айга чейин;
  • Жеңилдетилген мөөнөт (каникул): 180 күн.

Аталган банктарга зергерлерге насыя берүүдө комиссия жана башка жыйымдарды алуудан баш тартуу сунушталды. Бул каржылоонун бизнес үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу болушун камсыз кылат. Ошондой эле долбоорду 2028-жылга чейин узартуу каралган.

Салык кызматы жана Баалуу металлдар департаменти долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алган ишкерлердин каражаттарды максаттуу пайдалануусуна мониторинг жүргүзөт.