Жайыттарга учак менен үрөн жана жер семирткич себилет – министр

Коом Загрузка... 25 Март 2026 11:54
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.30 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков УТРКнын "Диалог" берүүсүндө жайыт боюнча чоң долбоор кабыл алынып жатканын айтты.

Министрдин айтымында, анда 300 миң гектарга чейин жайытты жакшыртуу каралууда.

"Анын ичинде 30 миң гектарга чейин жайытка үрөн себүү, калгандарына жер семирткич чачуу пландалууда. Апрелдин аягынан тарта союз кезиндегидей жер семирткич жана үрөндү учак менен себүү иштери башталат", - деди министр.