Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Жакын арада министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгуу графиги бекитилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Алай районунун активи жана тургундары менен жолукканда билдирди.
Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында жашоочулар тарабынан көтөрүлгөн бир катар маселелер жергиликтүү жана тиешелүү бийлик органдарынын компетенциясына кирерин жана аймактык деңгээлде чечилиши керектигине ынанганын белгиледи.
Эми алардын аймактарга чыгуу графиги бекитилсе, министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга үзгүлтүксүз чыгып, жарандардын кайрылууларын карап башташат.
Жолугушууда тургундар министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аймактарга бат-баттан барып туруусу аркылуу көп маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечүүгө мүмкүн болорун айтышты.