Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам алтындын баасы дээрлик 3%га кымбаттады

Дүйнө Загрузка... 02 Март 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-03-02 at 06.54.02.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам дүйнөлүк рынокто алтындын баасы дээрлик 3%га өстү. Бул тууралуу Investing.com платформасынын маалыматына таянып, Известия билдирди.

Анда белгиленгендей, бул арада алтындын унциясы 5 миң 397,85 АКШ долларына жетти.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы масштабдуу аскердик операцияны баштады. Буга жооп катары Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына жана Израилдин шаарларына сокку урду. Чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы башка өлкөлөр жабыркады. Ошондой эле, күн мурун Израилдин чабуулдарынан улам Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгону маалым болду.

Адистердин айтымында, геосаясий туруксуздук күчөгөн учурда инвесторлор коопсуз актив катары алтынга көбүрөөк каражат сала башташат. Бул өз кезегинде баанын өсүшүнө алып келет.