Жалал-Абадда көмөк чордондордо микропроцессордук терминал орнотулат

Коом Загрузка... 23 Март 2026 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Релелик коргоо жана автоматика кызматынын адистери тарабынан көмөк чордондордо жалпы саны 104 даана микропроцессордук терминал орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, микропроцессордук терминал авария болгон учурда ыкчам өчүрүү жана сигнал берүү функциясына ээ. Ошондой эле иштөө параметрлерин реалдуу убакытта көзөмөлдөйт. Аралыктан башкарууга мүмкүндүк берет. Бир нече коргоо функцияларын бир түзмөктө бириктирет.

Күз-кыш мезгилинде электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу трансформаторлордун жүктөмү жогорулап, жабдууларга кошумча күч келтирилип, авариялык кырдаал жаралуу тобокелдиги көбөйөт. Учурда колдонулуп жаткан айрым трансформаторлордун релелик коргоо жана автоматика түзүмдөрү электромеханикалык типте болуп, техникалык жактан эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калган.

Бул көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында жаңы трансформаторлор менен катар заманбап микропроцессордук терминалдарды орнотуу каралган. Жаңы жабдуулар трансформаторлорду ар кандай бузулуулардан коргоп, алардын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыздайт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын бекитилген бизнес-планга ылайык, 634 комплект релелик коргоо жана автоматика түзүмдөрүнө графикке ылайык техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт.