Жарандардын укугу корголууда: 3,2 млн сом эмгек акы төлөтүлдү

Коом Загрузка... 19 Май 2026 15:50
213091-1-1.jpg
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана жарандардын эмгек укуктарын коргоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

2026-жылдын I кварталында эмгек инспекторлору тарабынан 289 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 500 мыйзам бузуу аныкталды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 105 эскертме жазуу берилди.

Өзгөчө көңүл эмгек акыны өз убагында төлөө, эмгекти коргоо талаптарын сактоо жана эмгек мамилелерин мыйзамдуу тариздөө маселелерине бурулду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кызматкерлерге кармалып калган 3 млн 245 миң сомдон ашык эмгек акы төлөтүлдү.

2026-жылдын I кварталында өндүрүштөгү 33 кырсык иликтенип, мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 1 млн 899 миң сом айып пул салынды.

Кызматка жарандардан 646 кайрылуу келип түшүп, алардын ар бири боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле жарандарга жана иш берүүчүлөргө эмгек мыйзамдарын колдонуу боюнча 1642 оозеки консультация берилди.

2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек мыйзамдарын бузуу фактыларынын жана өндүрүштөгү кырсыктардын саны азайганы байкалууда. Бул жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү жана алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун көрсөтөт.