Жасалма интеллект Кыргызстанда кайсы кесиптерди өзгөртөт?

Санарип Кыргызстан Загрузка... 20 Апрель 2026 12:20
Gemini_Generated_Im_Uv6sP50.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Жасалма интеллекттин өнүгүшү менен “адамды машина алмаштырабы?” деген суроо улам көбүрөөк талкууланууда. Бирок, Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен белгилешкендей, кеп кесиптердин толугу менен жоголушу тууралуу эмес, эмгек рыногунун өзгөрүшү тууралуу болууда.

Технологиялардын киргизилиши кайталанма, бир калыптагы иштерди аткарган адистердин ордун жарым-жартылай кыскартууга алып келиши мүмкүн. Бул айрыкча, административдик кызматкерлерге, колл-борборлордун операторлоруна, башталгыч деңгээлдеги котормочуларга, ошондой эле баштапкы документтер менен иштеген бухгалтерлерге таасир этиши ыктымал. Мындан тышкары, медиа жана билим берүү тармагындагы жөнөкөй сегменттерде да өзгөрүүлөр күтүлөт. Технологиялар типтүү материалдарды түзүү жана тесттерди текшерүү иштерин өзүнө ала баштайт.

Ал эми жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууну талап кылган медицина, укук, IT, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарында жасалма интеллект адистерди алмаштырбайт, тескерисинче, алардын ишин жеңилдеткен натыйжалуу жардамчыга айланат.

Өзгөрүүлөрдү эң алгач банк тармагы, телекоммуникациялар жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр сезет. Бул багыттарда санариптик база буга чейин эле калыптанган.

Жыйынтыгында, Кыргызстандагы эмгек рыногунда негизги тенденция катары кадрлардын тез алмашуусу азайып, аналитикалык ой жүгүртүү жана чыгармачылык жөндөмдөргө болгон суроо-талап өсөт