Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. УКМК чет өлкөлүк жарандар үчүн жасалма медициналык маалымкаттарды колдонуу аркылуу мыйзамсыз миграция каналын уюштуруу фактысын аныктады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында чет мамлекеттин Л.Ц. аттуу жараны кармалды. Ал Кыргызстандын айрым жарандары жана Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен келишип алып, мыйзамсыз миграция каналын уюштурган деп шектелүүдө.
Алсак, Л.Ц.нын жумуш ордун тинтүү учурунда чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын аймагында жүрүүгө укук берүүчү визаларды алуу жана узартуу үчүн даярдалган 90дон ашык жасалма медициналык маалымкат табылган.
Учурда кармалган Л.Ц. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК терс кесепеттерге жол бербөө максатында өлкө жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого чакырат.
Эске салсак, мыйзамсыз миграция уюштургандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган