Жашыл экономика: Кыргызстан демилгелери эл аралык деңгээлде талкууланууда

Экономика Загрузка... 23 Апрель 2026 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан 2026-жылдагы Регионалдык экологиялык саммитке катышууда.

Агенттиктен билдиришкендей, саммит Борбор Азия өлкөлөрүн экологиялык маселелерди чечүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана "жашыл" долбоорлорго инвестиция тартуу багытында бириктирген жогорку деңгээлдеги эл аралык аянтча болуп саналат.

Бүгүн агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев "Борбор Азиянын жашылга өтүүсү" аталышындагы жашыл инвестициялык форумунда баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал Кыргызстанда өнөр жайды экологиялаштыруу маселелерине токтолуп, ишканаларды модернизациялоонун практикалык механизмдерин киргизүү зарылдыгын белгиледи. Айрыкча, эң мыкты жеткиликтүү технологияларды (ЭЖТ) колдонуу негизги багыттардын бири катары баса белгиледи.

Ошондой эле Жалын Жээналиев экологиялык жүктү азайтууга жана өнөр жай секторунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар артыкчылыктуу демилгелерге токтолду.

Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнөн мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомчулуктун, бизнес жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн кошкондо болжол менен 1500 делегат катышууда.