Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Бишкекте жеке мобилдүү каражаттар үчүн жаңы эрежелер киргизилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрияда жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны болду. Анда жолдорду жана тротуарларды оңдоо, жашылдандыруу жана жеке мобилдүү каражаттарды – электр самокаттарды, велосипеддерди жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонууну жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиевдин көрсөтмөсү менен жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир катар чечимдер кабыл алынды:
- электр самокаттардын максималдуу ылдамдыгын 15 км/саатка чейин азайтуу;
- сары белгилер менен белгиленген атайын токтотуучу жайларды белгилөө;
- үч сааттан ашык убакытка токтотуучу жайлардын сыртында калган самокаттарды эвакуациялоо;
- жабырлануучуларга компенсация төлөө менен милдеттүү түрдө үчүнчү тараптын камсыздандыруусун киргизүү.
Белгиленгендей, Бишкек шаарында буга чейин эле 64 чакырым веложол тилкелери түшүрүлгөн. Велосипед инфраструктурасын өнүктүрүү иштери мындан ары да улантылат.
Ошондой эле кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнө колдонуучуларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата чара көрүү сунушталды.