"Жаңы ысымдар" эл аралык студенттик театралдык фестивалы башталды

Маданият Загрузка... 16 Апрель 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Бишкекте "Жаңы ысымдар" XI эл аралык студенттик театралдык фестивалынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган.

Ачылыш аземи Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өтүп, ага мамлекеттик жана маданий ишмерлер, ошондой эле театр сүйүүчүлөрү катышты.

Фестивалдын алкагында Казакстандын Т. Жургенов атындагы улуттук өнөр академиясынын студенттери "Гамильтон" спектаклин тартуулашты.

Бул жылы фестивалга Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан келген студенттик театр топтору катышууда.

Белгилей кетсек, 14-апрелде башталган фестиваль 18-апрелге чейин уланат.