Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда көчмө элчилер институтун киргизүү пландалууда. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы модель чет өлкөлөрдөгү толук кандуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү камсыздоого кеткен мамлекеттик чыгымдарды олуттуу кыскартууга жана эл аралык долбоорлор боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
“Бул жаңычылдык Европа өлкөлөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбасына негизделген. Көчмө элчи негизинен Кыргызстанда туруктуу жашап, ошол эле учурда башка мамлекетте расмий түрдө өлкөнүн өкүлү болуп саналат. Тактап айтканда, дипломат чет өлкөдө туруктуу жашабастан, жыл ичинде бир нече жолу кызматтык иш сапарлар менен барып, чет элдик өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, биргелешкен долбоорлорду илгерилетет”, — деди Кулубаев.
Министр толук кандуу элчиликти кеңсе, кызматкерлер үчүн турак жайы, камсыздандыруусу жана транспорт менен камсыздоо мамлекет үчүн абдан кымбатка турарын белгиледи. Ал натыйжалуу дипломатиялык катышуунун мисалы катары Кыргызстандын толук кандуу өкүлчүлүгү иш алып барган Германияны атады.
Ошол эле учурда кызматташуу көлөмү салыштырмалуу аз, бирок келечектүү долбоорлор бар өлкөлөр үчүн дал ушундай жаңы формат сунушталууда. Бул механизмди алгачкылардан болуп сыноо пландалган мамлекеттердин бири катары Исландия каралууда.