ТИМ башчысы Мозамбиктин президенти менен жолукту – талкууланган маселелер

Саясат Загрузка... 20 Май 2026 09:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапарынын алкагында Мозамбик Республикасынын президенти Даниэл Франсишку Шапу менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Кулубаев Африка континентиндеги мамлекеттер менен саясий диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Мозамбик Кыргызстан үчүн Түштүк Африка аймагындагы келечектүү өнөктөш катары өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.