Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда минералдык жер семирткичтердин баасын негизсиз жогорулатууну алдын алуу максатында жер-жерлерде рейддер өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү геосаясий абалга байланыштуу логистикада кыйынчылыктар жаралып, быйыл март айынан тарта ички рынокто баалардын өзгөрүшү байкалган.
"Буга байланыштуу тиешелүү кызматтар бааны жасалма көтөрүүгө жол бербөө үчүн рейддерди жүргүзүүдө. Жер семирткичтердин жетиштүү запасын түзүү жана жеткирүү жолдорун жөнгө салуу иштери туруктуу жүрүп жатат. Ошондой эле баалардын кескин кымбатташын жана таңкыстыкты алдын алуу боюнча атайын саясат жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик бааларды туруктуу кармоо жана дыйкандарды керектүү көлөм менен камсыздоо иштери көзөмөлдө экенин баса белгилейт.