ЖК комитети телерадиоберүү боюнча мыйзам долбоорун III окууда колдоду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Апрель 2026 14:40
telebachennia_telev.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, III окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештен билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоору менен комитет төрагасы Ырысбек Атажанов тааныштырды.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты анын жоболорун Санарип кодексине жана Кыргызстандын 2025-жылдын 6-августундагы "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү болуп саналат. Анын негизинде "Кыргыз Республикасынын "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамы" деген сөздөрдү "КР Санариптик кодекси" деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.