Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берүүдө

Загрузка... 17 Декабрь 2025 10:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда парламентте Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров эл өкүлдөрүнө күбөлүк жана төш белгилерди тапшырууда.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке 29 көп мандаттуу округдан 87 депутат шайланып келди. Анын 58и эркек, 29у аял.

№13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алса, 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган.

Шайлоого жалпы 460 талапкер катышкан, алардын 271 - эркек, 189 - аял талапкер, майыптыгы бар - 16 талапкер.

БШК VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик квота сакталгандыгын билдирген.