Жол жээгине мыйзамсыз курулуштарды курууга болбойт - Транспорт министрлиги

Коом Загрузка... 11 Июнь 2026 16:30
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Унаа жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринде жана коргоо зоналарында мыйзамсыз курулуштарга жол берилбестиги катуу эскертилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзамга ылайык жолдун категориясына жараша жээктеги атайын тилкелердин туурасы 12 метрден 32 метрге чейин деп белгиленген.

Ага ылайык, бул аймактарда бир гана жол кыймылынын коопсуздугу жана жүргүнчүлөр үчүн зарыл болгон жол сервисинин объекттерин гана курууга болот. Алар:

  • жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар;
  • унаа токтоочу аянтчалар;
  • атайын эс алуу жайлары.
"Белгиленген тартипти бузуу менен өз билемдикке салып тургузулган бардык соода түйүндөрү, күркөлөр же башка имараттар мажбурлап буздурулуп, кеткен чыгымдар толугу менен мыйзам бузган тараптын эсебинен өндүрүлөт", -деп айтылат маалыматта.

Министрлик бардык жарандарды жана уюмдарды жол жээгиндеги жерлерди пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоого укуктук жоопкерчиликке чакырат.