Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. “Элдик Банк” Кыргызстанда асыл тукум багытын өнүктүрүп жаткан фермерлер жана чарбалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, баалуу ири мүйүздүү мал менен иштегендерге атайын каржылоо программасын ишке киргизди.
Программа кимдерге ылайыктуу:
- Министрлер кабинетинин тизмесине кирген асыл тукум заводдорго жана фермаларга;
- Асыл тукум мал багуучу фермерлерге, ЖИге жана импорттоочуларга;
- Техник-уруктандыруучуларга
Максаты:
Асыл тукум мал чарбасын колдоо, породаларды жакшыртуу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу.
Кредиттин шарттары:
- Суммасы: 20 000 000 сомго чейин
- Техник-уруктандыруучулар үчүн: 2 000 000 сомго чейин
- Үстөк пайызы: болгону 3% жылдык (НПЧ 3,04%)
- Мөөнөтү: 60 айга чейин
- Жеңилдетилген мезгил – 6 ай
- 500 000 сомго чейин – күрөөсүз
- Күрөө жетишсиз болгон учурда «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиги мүмкүн
Алатау, герефорд, голштин, симментал, айшир, бурая швиц жана галловей сыяктуу породалар колдоого алынат.
Чарбаны өнүктүрүүнүн кийинки кадамын жасаңыз – “Элдик Банктан” жеңилдетилген кредит алыңыз!
КРУБ лиц. №033