Жыргалаң курортунун аймагында медициналык пункт курулууда

Аймак Загрузка... 20 Июль 2026 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Ала-Тоо Резорт" ААК

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Жаңы курулуп жаткан Жыргалаң заманбап курортунун аймагында маанилүү инфраструктуралык объекттердин бири - медициналык пункттун курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

"Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришкендей, учурда курулуш аянтында имараттын пайдубалын чыңдоо иштери аткарылып жатат. Бул этап аяктаган соң бетон куюу иштери башталат.

"Медициналык пункт курорттук комплекстин эң биринчи этапта пайдаланууга берилүүчү стратегиялык объекттердин бири болуп саналат. Ал келечекте аймакка келген эс алуучулар менен туристтер, ошондой эле жергиликтүүлөргө алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө жана алардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.