Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын 1-майынан тартып калк үчүн электр энергиясынын баасы өзгөрөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр энергиясын колдонгон керектөөчүлөр үчүн баа 27 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат үчүн 1 сом 64 тыйынды түзөт.
Ошондой эле башка категориядагы керектөөчүлөр үчүн да жаңы тарифтер аныкталды:
- Коммерциялык керектөөчүлөр үчүн: учурда 3,96 сомду түзөт. Ага инфляциянын 9,4 пайыздык деңгээли кошулуп (0,37 сом), жыйынтыгында салыктарды эсепке албаганда 1 кВт саат үчүн 4 сом 33 тыйынды;
- Өнөр жай керектөөчүлөрү үчүн: тариф инфляцияны эсепке алуу менен (3,34 + 0,31) 1 кВт саат үчүн 3 сом 65 тыйынды түзөт.
Белгиленгендей, Кыргызстанда 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясат ишке ашырылууда. Учурдагы тарифтер электр энергиясынын иш жүзүндөгү өздүк наркынан кыйла төмөн. Буга чейинки айырма бюджеттик кредиттердин эсебинен жабылып келген. Эми 2025-2030-жылдарга карата кабыл алынган орто мөөнөттүү саясаттын алкагында тарифтер этап-этабы менен өздүк нарк деңгээлине жеткирилет.