№13 округда кайра шайлоо жокко чыгарылып, үч депутат мандат алмай болду

Шайлоо Загрузка... 13 Февраль 2026 21:30
IMG_5835.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралда № 13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо боюнча 2025-жылдын 30-декабрындагы токтом жокко чыгарылды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Аталган округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылды.

БШКнын бүгүнкү жыйынында Боршайкомдун Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Махабат Кожокеева билдиргендей, БШКга 13-шайлоо округунан шайлоого катышкан талапкерлер – Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабековадан жамааттык арыз келип түшкөн. Анда алар БШКны 3-декабрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгууну суранышкан.

Боршайком арызды карап, калыс чечим чыгаруу максатында Ички иштер министрлигине маалымат алуу үчүн билдирме жөнөткөн. ИИМ өз кезегинде шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 13-округуна караган шайлоо тилкелерине орнотулган жабдуулар Бакыт Сыдыковдун тарапташтарына тиешелүү экени аныкталгандыгын билдирген.

Мындан улам БШК башка талапкерлерге эч кандай айып тагылбагандыктан, Бакыт Сыдыковду четтетип, калган талапкерлерге мандаттарды бөлүштүрүү чечимин кабыл кабыл алды.

“30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылгандыктан, шайлоого катышкан талапкерлер – Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандатка ээ болот”,-деп айтылат маалыматта.