Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан мейманкананын иши токтотулду

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 17:30
WhatsApp Image 2026-07-06 at 11.40.38.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы үч кабаттуу мейманкананын курулушунда мыйзам талаптары сакталбаганы аныкталып, иштер убактылуу токтотулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Дэн Сяопин проспектиси, 391 дарегиндеги объектти текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Курулуш ченемдери жана техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн объекттин ээси болгон "ПГС Элит" ЖЧКсына кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле компанияга 200 миң сом айып пул салынды.

Мыйзам бузуулар толук жоюлуп, талаптар аткарылганга чейин курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынды.