Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. 2025-жылы спортчулардын мамлекеттик стипендиясына бюджеттен 65 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди.
Анын айтымында, агенттик жогорку жетишкендиктерге ээ жана өлкөнүн курама командасынын мүчөлөрүнө категориялар боюнча 20 миңден 60 миң сомго чейин стипендия төлөп келет. Былтыр 174 спортчуга мамлекеттик стипендия берилген.
Стипендиялар төмөнкү өлчөмдө берилет (сом менен):
- 20-25-30 миң – өмүр бою (спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондоруна);
- 60 миң – дүйнө чемпионаты жана универсиада;
- 50 миң – жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты;
- 40 миң – дүйнө, Азия чемпионаттары жана кубоктор;
- 20-25-30 миң – дүйнө жана Азия чемпионаттары (башка категориялар);
- 25 миң – улуттук спорттун түрлөрү боюнча.
Ошондой эле ал белгилегендей, спортчулардын бул тармакка кошкон салымын баалоо максатында аларга 450 спорттук наам ыйгарылган.
- Спорт чебери – 321;
- Эл аралык класстагы спорт чебери – 65;
- Ардагерлер арасындагы спорт чебери – 8;
- Ардагерлер арасындагы эл аралык класстагы спорт чебери – 1;
- Эмгек сиңирген машыктыруучу – 51;
- Эмгек сиңирген спорт чебери – 4.
“Бул сыйлыктар менен каржылык колдоолор спортчулардын мотивациясын жогорулатуу жана аларды өлкөнүн аброюн эл аралык аренада татыктуу коргоого шыктандыруу максатын көздөйт”,-деп белгиледи ал.