2025-жылы Дене тарбия жана спорт агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

Спорт Загрузка... 24 Февраль 2026 11:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. 2025-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн. Бул тууралуу агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди.

Ал белгилегендей, аталган каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалган.

  • Эмгек акыга - 1 млрд 62 миң;
  • Коммуналдык чыгымдарга - 69 миң 800;
  • Оңдоп-түзөө иштерине - 3 млн 15 миң;
  • Спортту өнүктүрүүгө - 1 млрд 163 млн сомду түзгөн.

Ал эми аймактык спорттук мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 20 млн сомго спорттук жабдуулар сатылып алынып, тиешелүү спорттук мекемелерге бөлүнүп берилген.

Ошондой эле ал белгилегендей, 2024-жылга карата бөлүнгөн каражаттын суммасы - 2 млрд 141 млн сомду түзгөн.

“2024-жылга салыштырмалуу 2025-жылы бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн. Бул мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө болгон туруктуу кызыгуусун жана бул багыттагы иштерди кеңейтүүгө карата милдеттенмесин айкын көрсөтүп турат”,- деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коллегия өтүп, 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы жылдын планы талкууланууда.