Ташкент, 03.02.26/. /Кабар/. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 2025-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Монголияга дээрлик 2 млрд АКШ доллары көлөмүндө инвестиция салып, 120 долбоорду ишке ашырды. Бул тууралуу банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Банктын маалыматына ылайык, Борбор Азияда жана Монголияда берилген ЕБРР кредиттеринин 68%ы жеке ишкердик демилгелерин колдоого багытталган, ал эми инвестициялардын жарымынан көбү экологиялык туруктуулукка жана ресурстук натыйжалуулукка байланышкан долбоорлорго багытталган.
Жалпысынан 2025-жылы ЕБРР Борбор Азияда жана Монголияда 4 600дөн ашуун чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүп, аларга консультациялык кызматтарды, окутууну жана ментордук жардамды камсыз кылды.
Банк ошондой эле Борбор Азияда биринчи аймактык Star Venture программасын ишке киргизди. Бул программа Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан жогорку потенциалга ээ стартаптарды бир кластерге бириктирип, инновацияларды тездетүү жана алардын региондон тышкаркы рынокторго чыгышын кеңейтүү максатын көздөйт.
ЕБРР инклюзивдүү өсүүгө да өзгөчө көңүл бурат. Өткөн жылы Банк Борбор Азияда жана Монголияда Women in Business программасынын 10 жылдыгын белгиледи. Бул мезгил ичинде 100 миңден ашуун аял-ишкерлер жалпы суммасы болжол менен 365 млн АКШ долларын түзгөн каржылык колдоого ээ болушкан, ошондой эле 17 миңден ашуун аял консультациялык жана билим берүү программаларынан пайдаланышкан.
Өзбекстандагы долбоорлорго 1 млрд АКШ долларынан ашык каражат бөлүнгөн. Бул өлкөнүн ЕБРРдин инвестициялык портфелиндеги негизги ролун жана эл аралык каржы институтунун башкы өнөктөштөрүнүн бири экенин тастыктайт.
ЕБРР Борбор Азиядагы эң ири институционалдык инвестор катары аймакта жалпы суммасы 21 млрд евродон ашкан 1 250 долбоорду каржылаган.