Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Өзбекстан 2030-жылга чейин IT-кызматтарынын экспортун 5 миллиард долларга жеткирүүнү жана бул тармакка 2 миллиард доллар инвестиция тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында белгилүү болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазды.
Бул максатка жетүү үчүн коңшу өлкөдө бир катар маанилүү реформалар ишке ашырылмакчы.
Анын ичинде чет элдик адистер жана инвесторлор үчүн Өзбекстанда онлайн режиминде ишкана каттоодон өткөрүүгө, банктык эсеп ачууга жана эл аралык карталарды алууга шарт түзүлөт.
Ал эми IT Park резиденти болгон компаниялардын кызматкерлери үчүн салыктык жеңилдиктер 2040-жылга чейин узартылат.
Санариптик кызматтарды экспорттогон ишканалардын кызматкерлеринин айлык акыларынын бир бөлүгү жана эл аралык сертификаттарды алуу чыгымдары мамлекет тарабынан компенсацияланат.
Ошондой эле "IT Visa" жана "Zero Risk" программалары дагы кеңейтилери айтылды.
Эскерте кетсек, коңшу Казакстан дагы бул тармакты колдоо максатында IT-сектору үчүн салыктык жеңилдиктерди 2045-жылга чейин сактап калууну көздөп жатат. Ошондой эле Казакстанда үстүбүздөгү жылдын 26-майынан 31-декабрына чейин чет элдик IT-адистерге туруктуу жашоого уруксат берүүнү жөнөкөйлөткөн пилоттук долбоор иштеп жатат.