Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Карагай" курортунун курулушунда одоно мыйзам бузуулар аныкталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө объектти куруп жаткан компания шаар куруу жана курулуш ченемдерин сактабаганы белгилүү болду.
Анын ичинде темир-бетон конструкцияларын курууда бекитилген долбоордук чечимдер сакталган эмес жана дубалдарды тургузууда курулуштун сапатына коюлган талаптар бузулган.
Курулуш иштерин жүргүзгөн "Бай Сервис Девелопмент" ЖЧКсына Укук бузуулар кодексинин негизинде 235 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле ишканага аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Коркунучтуу каталар оңдолмоюнча курулуштун сапаты көзөмөлдө болот.