Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 26-майда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +23...+28, Талас облусунда +24...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарын облустарында +18...+23 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +25...27 градуска чейин жогорулайт.